Журналистке зомбулук көрсөтүү фактысы тууралуу депутат Никитенко парламентте маселе козгоду

  • 3 года мурун

Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасын, мүчөлөрүн дайындоого уруксат берүү боюнча жалпы жыйыны учурунда депутат Наталья Никитенко УКМК төрагалыгына көрсөтүлүп жаткан Камчыбек Ташиевге “Али Токтакуновдун Медиахабынын” иликтөөчү журналисти Мээрим Айныкуловага УКМК кызматкеримин деген киши зомбулук көрсөткөндүгү тууралуу маселени көтөрүп, сөз эркиндигине, сынга талаптагыдай мамиле жасоо тууралуу эскертти.

Талапкер Камчыбек Ташиев буга мындайча жооп берди.

— УКМК кызматкерлери андай мамиле кылбайт. Бул, чындыгында, чагымчылык болушу мүмкүн. УКМК кызматкери андай ишке барбайт. Ал журналистке айтып коюңуз, мага кайрылсын, эртең эле ал окуяны иликтейбиз.

11-октябрда кечинде, Бишкекте «Али Токтакуновдун “МедиаХабынын” иликтөөчү журналисти Мээрим Айныкееванын белгисиз бирөөнүн зомбулугуна туш болгондугу тууралуу маалымат тараган.

Мээрим Айныкеева — иликтөөчү журналист. Буга чейин чуулгандуу бир нече иликтөөлөрдү жасаган.

Сүрөттө: Мээрим Айныкеева.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты