​»УКМК кызматкеримин» деген киши журналистке зомбулук көрсөттү

  • 3 года мурун

Кечээ, 11-октябрда кечинде, Бишкекте «Али Токтакуновдун “МедиаХабынын” иликтөөчү журналисти Мээрим Айныкеева белгисиз бирөөнүн зомбулугуна туш болду.

Бул тууралуу Али Токтакунов билдирди.

Маалыматка караганда, Мээрим Айныкеева Бишкек шаарынын Токтогул-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде, “Шахрезада” кафесинде курбулары менен отурган. Бейтааныш киши жолун тороп, колунан кармап кое бербей Мээримдин университетте, “Акчабарда” иштегенин, азыр Али Токтакунов менен иштешерин, жерлиги, жеке турмушу тууралуу айткан.

Андан тышкары “Али Токтакунов кандай адам, азыр каякта” деген суроолорду берген. Кыздардын жанынан кетпей, алар кафеден чыгып баратканда да артынан калган эмес. Аны Мээрим сүрөткө тартып алганда колунан телефонун жулуп алууга аракет кылган. Өзүн “УКМКда иштейм” деп тааныштырган. Кыздар кетип баратканда “она такси вызвала” деп бирөөгө телефондон кабарлаган.

Мээрим Айныкеева — иликтөөчү журналист. Буга чейин чуулгандуу бир нече иликтөөлөрдү жасаган.

Ал эми бейтааныш киши ким экенин, кайда иштерин, ким менен байланышы бар экенин тактап жатыщкандыгын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты