Акылбек Жапаров: Байлар салыкты көбүрөөк төлөшү керек. Олигархтар болбошу керек

  • 3 года мурун

Бүгүн 13-октябрда, парламентте Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселеси каралып жатат.

Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Акылбек Жапаров эл өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөп жатып, анын командасы жарандарга татыктуу жашоону камсыздап берүү үчүн болгон аракетин жумшарын белгиледи.

«Биз төрт негизги факторго: капиталдын жана технологиянын жеткиликтүүлүгүнө, жер ресустарын эффективдүү пайдаланууга жана эң башкысы адам капиталынын өндүрүмдүүлүгүнө басым жасайбыз».

Мындан тышкары ал салык маселеси боюнча дагы пикирин айтып өттү.

«Менин принципалдуу позициям — байлар көбүрөөк салык төлөшү керек, ошол эле учурда эгер, жумуш ордун түзүп жатса, мамлекеттен тиешелүү жеңилдиктер болушу керек. Бүтүндөй дүйнө жүзүндө ушундай. Байлар дагы жумуш орундарып түзүп, элди багып жатат. Салыктарын төлөсө, биз аларга дагы жардам беришибиз керек. Мен олигархтар болбошу керек, бирок байлар көбүрөөк болушу керек деп эсептейм», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, «ПолитКлиника» басылмасынын иликтөөчү журналисттери мындан 2 ай мурун Мальталык компаниялар ээлик кылган кыргызстандык компанияларды жана аларды азыркы финансы жана экономика министри Акылбек Жапаровго тиешелүү адамдар башкарарын таап чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты