Мальтада кыргызстандык экөө катуу толкунга кабылып, бири каза тапты
- 1 месяц мурун
Тышкы иштер министрлиги Мальтадагы Сент-Жорж булуңунун аймагындагы кырсыкка кабылган кыргызстандыктарга байланыштуу билдирүү жасады.
Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилиги Мальта тарапта Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондугу тууралуу расмий маалымат алгандан кийин, маркумдун сөөгүн Мекенине кайтаруу аракети жасалып жатканын билдирди.
Мальтанын компетенттүү органдары менен байланыш түзүп, ошондой эле аталган иш чараларды ал жактагы мекендештердин жардамына таянып, иш алып барууда.
Италиядагы элчилик маркумдун сөөгүн Мекенине кайтаруу боюнча ишти улантуу менен бирге, консулдук жардам көрсөтүп, жол-жоболорду аткарууну камсыз кылууда. Ошондой эле маркумдун туугандары менен байланыш уюштурулду.
Буга чейин Times Of Malta басылмасы 11-январда Мальтанын Сент-Жорж булуңунда 48 жаштагы аялды толкун алып кеткендиги, жанында 23 жаштагы кыз болгондугу маалымдалган. Экөөнү ооруканага алып барышкан. Бул тууралуу полицияга 11-январда саат 11:40та кабар келген. Бир нече адам кырсыкка кабылгандарга жардам көрсөтүп, суудан чыгарышкан. Бирок 48 жаштагы аял ооруканада көз жумган.
Кырсыкка кабылган ал экөө кыргызстандык, энеси менен кызы болгондугу социалдык тармактарда айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




