Мальта, оффшор жана 4 жылдыздуу мейманкана: Булар менен экономика министри Акылбек Жапаровдун байланышы

.


Жер ортолук деңизинде жайгашкан кичинекей арал мамлекет Мальта менен бир караганда Азияда жайгашкан Кыргызстандын эч кандай байланышы жоктой сезилет. Акыркы жылдарда Мальта тууралуу бир канча журналисттик иликтөөлөрдө сөз болду — орусиялык бир катар саясатчылар Мальтанын жарандыгын алды, бул аралга контрабандисттер баш калкалашты, ал эми Азербайджандын президенти Алиевдин үйбүлөсүнүн кирешелери Мальтанын Pilatus банкында сакталары аныкталды. Журналисттер Мальта менен кыргызстандык саясатчылар жана ишкерлердин дагы байланышы бар экенин аныктады.

«ПолитКлиника» басылмасынын иликтөөчү журналисттери үч ай бою иликтеп, Мальталык компаниялар ээлик кылган кыргызстандык компанияларды жана аларды азыркы финансы жана экономика министри Акылбек Жапаровго тиешелүү адамдар башкарарын таап чыкты.

Канттагы ферма жана Мальтадагы акциялар

2020-жылдын октябрь айынын аягында Кыргызстандын азыркы тапта жоюлуп кеткен финансылык полициясы пресс-релиз таратып, Кант шаарында жайгашкан МИС (Машиноиспытательная станция) салыкты жашырып төлөбөй жүргөнүн билдирген эле.

«30 кыймылсыз мүлкү бар МИС ири айланткан акчасына карабай, нөл менен отчет тапшырып жүргөн«, — деп билдирген мекеме.

Мындан сырткары финпол акционердик коомдун негизги акционерлери Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова жана мальталык оффшордук компания Eurasia Capital Limited экенин дагы белгилеген. Мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн 2021-жылдын 10-мартына карата маалыматы боюнча, МИСтин 98,3% акциясы Eurasia Capital Limited компаниясына тийиштүү.

Көбүрөөк маалымат чогултуу үчүн журналисттер бир канча жолу Кант шаарына барып, акционердик коомдун ишмердүүлүгү жана Мальталык компания тууралуу жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп көрдү.

«МИС» ААК

МИС Финансы министрлигинен алган ссудасын төлөбөй койгон

Финполдун ошол эле пресс-релизинде Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругуна таянып, МИС ААКсына 200 млн сом мамлекеттик ссуда берген. Ссуда берүү чечими 2009-жылы кабыл алынган. Максаты — данды тазалоо заводун реконструкциялоо жана кант кызылчасынын уругун өстүрүү болгон жана ссуданы кайтаруу мөөнөтү 2013-жылдын аягы деп көрсөтүлгөн.

Ал эми УКМКнын маалыматына караганда, МИСте ошол кезде Чудинов менен Жапаровдун туугандарынын акциялары болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, ссуданын кайтаруу мөонөтүн мыйзамсыз эки жолу узартып алышкан, эми МИС ссуданы 2025-жылга чейин кайтарышы керек болчу. Аны менен катар эле УКМК 200 млн сомдун 68 млн сому максатсыз пайдаланылганын айткан. Бирок бул сумма кайсыл жакка жумшалганын журналисттер аныктай алган жок.

2021-жылдын март айына карата минфиндин берген маалыматында, МИС мамлекетке 200 млн сомду кайтарган жана андан сырткары 127,1 млн сом карыз деп жазылат.

Бирок, «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын 11-беренесине өзгөртүү киргизилип, «юридикалык тараптар ссудаларды жана кредиттерди толук жойгондо юридикалык жактар ага эсептелген пайыздарды, туумдарды, айып пулдарды жана финансылык санкцияларды төлөөдөн бошотулат» деп жазылып калган. Буга ылайык, МИС 127,1 млн сомун төлөбөй коюшу деле толук мүмкүн.

Азыркы учурда кылмыш иши 2017-жылы козголгонуна карабай, дагы деле УКМКда иликтенип жатат. УКМК өз пресс-релизинде 95% акциянын ээлери Акылбек Жапаровго тиешеси бар адамдар болгонун билдирген.

Мамлекеттик финансылык көзөмөлдөгү булактардын бири Eurasia Capital Limited 2014-жылдын 20-июнунан тарта этап-этабы менен акцияларды сатып ала баштаганын тактап берди. Бирок компания Мальтада 2007-жылы катталган. Жапарова акционердик коомго качан мүчө болгонун тактоо мүмкүн болгон жок.

Журналисттер Eurasia Capital Limited компаниясын минюсттун базасынан текшерип көрүштү, бирок Кыргызстанда мындай компания жок болуп чыкты. Бирок бул компания Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун (ICIJ) оффшорлор тууралуу базасынан табылды. Аны менен катар эле Eurasia Capital Limited жергиликтүү «Ала-Тоо Импекс» компаниясынын негиздөөчүсү болгону, кийинки табылгаларыбызга илинчек болуп берди.

Мальта

Мальталык компаниялар кантип Кыргызстанда компанияларын ачып калышкан?

Бул схемада байланыштар кыскача түшүндүрүлөт

Реестрден алынган жана Юстиция министрлигинен сурап алган маалыматтарыбыз мальталык компаниялар МИСтен башка дагы бир катар компанияларды ачышканын көрсөттү.

Жергиликтүү «Ала-Тоо Импекс» компаниясы 2004-жылы катталып, 2008-жылы директорун алмаштырган. Бирок ал компаниянын негиздөөчүсү дагы буга чейин айтылган Eurasia Capital Limited компаниясы экени кызык, аны менен бирге эле бул компанияга дагы бир Oracul Investments for CIS and Eastern Europe Ltd компаниясы кошо ээлик кылат. Бул компания дагы ICIJ уюмунун маалыматтык базасында бар жана ал дагы Мальтада катталган.

Журналисттер компаниянын негиздөөчүлөрү тууралуу алган маалыматтарга караганда, «Ала-Тоо Импекс» компаниясынын баштапкы негиздөөчүсү Oracul Investments компаниясы болгон, бирок 2008-жылы негиздөөчүлөрдүн жыйынында дагы бир Eurasia Capital Limited компаниясын негиздөөчүлөрдүн катарына киргизишкен. Бул эки компаниянын тең директору Питер Мамо аттуу Мальтанын жараны.

Документтерде дагы орусиялык эки жарандын аты аталат — «Ала-Тоо Импексте» мурда негиздөөчү болгон Виталий Слуцкий жана анын атынан ишеним кат менен компаниянын ишине аралашкан Дмитрий Орлов.

Бул компаниянын директору азыркыга чейин Уланбек Абыкеев — ал Акылбек Жапаров парламенттин депутаты болуп турганда 2000-жылы жардамчысы болгон жана 2011-жылы Жапаров президенттик шайлоого ат салышып жатканда анын финансы боюнча ишенимдүү өкүлү болгон.

Документтер боюнча «Ала-Тоо Импекс» товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенери жазылган, бирок бул компания кандайдыр бир активдүү иш кылганы белгисиз, анткени, «Ачык бюджеттин» маалыматтык базасы нөл боюнча отчет тапшырып жүргөнүн көрсөтүп турат.

Шопоков 93/2
2015-жылы «Ала-Тоо Импекс» — «Ала-Тоо Рэнт» деп аталган жаңы компанияны негиздейт. Бул компаниянын дагы директору баягы эле Уланбек Абыкеев болот. Компания Бишкектин борборундагы Шопоков 93/2 дарегине катталган. Бул жерде офистерди ижарага берген көп кабаттуу имарат жайгашкан. Арендаторлордун берген маалыматына караганда, ал дагы Акылбек Жапаровго караштуу имарат.

«Жапаров эки-үчөөбүз чогуу ээлик кылабыз деп айткан. Офис боюнча Жапаровдун өзү менен эле түз сүйлөшкөнбүз», — деп айтат ал имараттан 2015-жылы офисти ижарага алган ишкер.

Акылбек Жапаров жана Анара Жапарова
Минюсттун маалыматына караганда, Абыкеев эки коомдук фонддун жана саясий партиянын жана бир ЖЧКнын негиздөөчүсү, андан башка бизнес ачкан эмес.

Аны менен катар эле 4 компанияда директор болуп жазылган (Ала-Тоо Рэнтти кошкондо). Алардын биринде Акылбек Жапаровдун кызы Саадат менен байланышы бар.

2009-жылы ачылып, Уланбек Абыкеев директорлук кылган «Глобалико Холдингс» компанияся, Акылбек Жапаровдун жубайы ээлик кылган «Дамас-Фарм» деп аталган компаниянын дагы негиздөөчүлөрүнүн бири. Абыкеев бизге Анара Жапарова менен фармациевтика тармагында бизнес жасап көрөлү деп, бирок иши жүрүшпөгөнүнөн токтотуп коюшканын айтты.

«Глобалико Холдингс» компаниясы тууралуу маалыматтарды текшерип жатып, журналисттер бул компанияны дагы аталышы ушундай эле болгон Мальтадагы компания ачканын табышты. «Глобалико Холдингс» Бишкектин так борборундагы «Дамас» деп аталган төрт жылдыздуу мейманканага ээлик кылат.

Дамас

«Глобалико Холдингс» жана «Дамас» тууралуу эмнелер белгилүү?

«Глобалико Холдингс» расмий түрдө 2009-жылы Шопоков 93/2 дарегине катталган, 2015-жылы юридикалык дарегин азыркы «Дамас» мейманканасы жайгашкан Жумабек 107ге өзгөрткөн.

Ошол эле жылы жер тилкесин Чолпон Абдрахманова аттуу жаран сатып алганын кадастрдык документтерден көрүүгө болот. Журналисттер Чолпон Абдрахманова Акылбек Жапаров 2011-жылы президенттик шайлоого ат салышкандагы ишенимдүү өкүлү Алмазбек Абдрахмановдун бир тууган эжеси экенин аныкташты.

Маалымат үчүн:

Чолпон Абдрахманова 2009-жылдын октябрь айынан бери ээлик кылат. Чолпон Абдрахмановага чейин жер тилкесине «Собственники жилых и нежилых помещений» деген уюм ээлик кылчу. Ал уюм тууралуу маалымат табылган жок. 2011-жылдан бери Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкында (KICB) дайыма күрөөдө турат. Абыкеевдин айтымында, бул имаратты курууга алынган кредитти али төлөп бүтүшө элек.

Банк тармагында иштеген эксперттин айтымында, акчасы көп адамдар мамлекет тарабынан конфискация болуп кетишинен корккон учурда атайын күрөөгө койгон ыкманы дагы колдонушат.

Имараттын өзү «Глобалико Холдингс» компаниясынын карамагында экени жана 2013-жылдан тарта эксплуатацияга берилгени кадастрдык документтерде көрүнүп турат.

Бул мейманканага де-факто Акылбек Жапаров ээлик кыларын бизге бир канча булактар айтып берди. Мейманкананын курулуш иштерине катышкан куруучулардын бири атын атабай берүүбүздү суранып, төмөндөгүлөрдү баяндады:

«Мен шыбакта иштедим. 4-5 жолу Акылбек Жапаровду, эки жолу аялын өз көзүм менен көрдүм. Айрым учурларда алар келип, ылдыйкы кабатта жүрүшкөнүн балдардан дагы угуп калчумун. Анын уулу дагы келип турчу, атын унутуп калдым. Ар бир ишемби күнү уулу биздин айлыктарды алып келип, прорабга берчү, ал бизге таратып берчү», — дейт куруучу.

АДАМ университетинин (мурдагы Бишкек финансылык-экономикалык академия) пресс-релиздеринин биринде иш-чараны өткөрүүгө Акылбек Жапаров мейманкана бергени айтылат.

«Иш-чараны өткөрүүгө «Дамас» мейманканасынын конференц-залын бергени үчүн БФЭАнын ардактуу бүтүрүүчүсү, экс-вице премьер министр, экономика илимлеринин доктору А.Ү.Жапаровду өзгөчө белгилеп кеткибиз келет», — деп жазылат пресс-релизде.

Анын үстүнө Жапаровдун уулу Максатбек Акылбек уулу LinkedIn социалдык тармагындагы профилинде өзүн Globalico Holdings компаниясынын менеджери деп көрсөткөн.

Көз каранды эмес эксперттердин баасы боюнча имараттын болжолдуу баасы 8 млн доллар турат. Спутниктен алынган тасмалар мейманкана 2010-жылдан тартып 2013-жылга чейин курулганын көрсөтүп турат. Бул учур Акылбек Жапаровдун экономикалык өнүгүү жана соода министри, биринчи-вице премьер министр, депутат жана финансы министри болгон учурларына дал келет.

Салык кызматы белгисиз себептер менен Акылбек Жапаровдун декларацияларынын архивин бергенден баш тартты. Мекеме 2017-2018-жылдардагы маалыматтар Салык кызматынын сайтында жайгашкан деген жоопту берди. Ачык маалымат булактарында 2015-жылдан баштапкы гана маалыматтар жайгашкан, ага ылайык, Акылбек Жапаровдун бир жылдык тапкан кирешеси 1 млн сомго жетпейт.

1992-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген Жапаровдун айлыгы мындай имаратты курууга жетмек эмес.

Акылбек Жапаров өзү 2017-жылы «ПолитКлиникага» берген маегинде «Дамас» мейманканасына тиешеси жок экенин айткан. Бирок ошол эле маегинде айтканына караганда, анын аялы ийгиликтүү ишкер айым, ошондуктан мейманкана Анара Жапарованын акчасына же Абыкеев айткандай, насыяга алынган акчага курулган деген ыктымалдуулук дагы жок эмес.

Бирок башка маекте Жапаров ал жакта аялынын үлүшү бар экенин айтып берген. Аялынын кандай катышы бар экенин тактоо мүмкүн болгон жок.

Уланбек Абыкеев
Журналисттер Абыкеевдин өзүнө комментарий сурап кайрылышты. Анын айтымында, «Дамастын» дагы, Шопоков 93/2 дарегиндеги имараттын дагы кожоюну Мальталык компаниялар жана анын ээси Питер Мамо. Ал москвалык достору аркылуу, тагыраагы орусиялык жаран Дмитрий Орлов аркылуу директор болуп калганын айтат. Бирок ал Жапаров менен Мальтанын байланышы бар деген маалыматты четке какты.

«Дамас» жайгашкан жерге ээлик кылган Чолпон Абдрахманова менен байланышуу мүмкүн болгон жок, Жапаровдун шайлоодо атайын ишенимдүү өкүлү болгон анын бир тууганы Алмазбек Абдрахманов кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартып, трубканы коюп салды, кийинки чалууларыбызга жооп берген жок.

Акылбек Жапаровдун өзүнөн жана анын аялынан дагы комментарий алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Акылбек Жапаровдун атына расмий кат дагы жазып жибердик, бирок макала чыгаар учурга карата жооп келген жок.

Мальталык компаниялар Кыргызстанда эмне иш кылат?

Эмилбек Кыдыралиев
«ПолитКлиниканын» журналисттери Мальтада катталган 4 компаниянын Кыргызстанга байланышы бар экенин аныкташты. Буга чейин аталган Жапаровдун жардамчысы Уланбек Абыкеев директорлук кылган «Ала-Тоо Импекс» компаниясынын негиздөөчүлөрү Eurasia Capital Limited жана Oracul Investments. Ошону менен бирге эле Eurasia Capital Limited компаниясы Канттагы «МИС» ачык акционердик коомунун акцияларынын негизги үлүшүнө ээлик кылат.

Globalico Holdings Limited Кыргызстанда ушундай эле аталыштагы компанияны 2009-жылы ачкан. Бул компаниянын жетекчилери тууралуу маалыматтар дагы кызык. Минюсттан алынган маалыматтарга караганда, жок эле дегенде 2011-жылы «Глобалико Холдингс» компаниясынын директору Эмилбек Кыдыралиев болгон — ал азыр Шопоков 93/2 дарегиндеги имараттын офистерин ижарага берип иштейт. Анын айтымында, Акылбек Жапаров менен жердеш, жакшы мамиледе.

Эльдар Алишеров
2011-жылы Эльдар Алишеровду директор кылып дайындашат — ал азыр Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун орун басары. Ал мурда Акылбек Жапаров Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри болуп турган кезинде дагы жардамчысы болуп иштеген.

Ал эми 2015-жылы мальталык «Глобалико Холдингс» компаниясынын атынан Питер Мамо кол коюп, Уланбек Абыкеевди директорлукка дайындаган.

Ошентип, мальталык компаниялар ээлик кылган кыргызстандык компаниялардын баарын Акылбек Жапаровго тиешеси бар адамдар жетектеген. Андан сырткары, журналисттер Эльдар Алишеров жетектеген дагы бир «Альфатроникс» компаниясын дагы табышты. Бул компанияга ээлик кылган ушундай эле аталыштагы компания дагы Мальтада катталган.

«Альфатроникс» компаниясы дагы «Ала-Тоо Импекс» жана «Ала-Тоо Рэнт» компаниялары катталган Шопоков көчөсүндөгү имаратка катталган.

Журналисттер комментарий алуу үчүн Алишеров менен Кыдыралиевге дагы кайрылышкан, бирок экөө тең Жапаровдун Мальталык компаниялар менен байланышын четке кагышты.

Абыкеев берген комментарийинде, «Ала-Тоо Импекс» компаниясынын негиздөөчүсү Питер Мамо экенин айткан. Анын айтымында, 2004-жылы Мамо орусиялык өнөктөшү менен биргеликте банк ачабыз деп, ушул имаратты курушкан, бирок лицензия ала алышкан эмес.

Бул төрт компанияны бириктирип турган маалымат Мальтага катталганы гана эмес. ICIJ уюмунун маалымат базасына ылайык, төрт компаниянын тең акцияларын кармоочу Perfin Services Ltd болуп саналат. Бул компаниянын директору жана акционери Мальтанын жараны Питер Мамо жана Эрика Иззо.

Маалымат: Perfin Services Limited тууралуу кененирээк

2013-жылы жок эле дегенде эки фирманын — Globalico Holdings жана Eurasia Capital Limited компаниясынын бардык акциялары Maмo, Pace and Associates Ltd компаниясынан Питер Мамонун колу менен Perfin Services Limited компаниясына берилген. Maмo, Pace and Associates Ltd компаниясынын акыркы директору дагы баягы эле Питер Мамо болгон.

Питер Мамо
Журналисттер Perfin Services Ltd жана башка компаниялардын ишмердүүлүгү тууралуу бир катар кызыктуу жагдайларды таба алышты.

Oracul Investments компаниясын кошпогондо, калган үч компания тең Кыргызстандагы алар ээлик кыла турган компаниялар ачылардан бир канча ай мурда гана катталышкан.

Мальталык жаран Питер Мамо бардык компанияларда директор катары жазылган, аны менен катар төрт компанияда тең буга чейин айтылган орусиялык Дмитрий Орлов негиздөөчү катары жазылган.

Дмитрий Орлов
Орловдун аты Минюсттан алынган «Ала-Тоо Импекстин» документтеринде дагы аталат, анда ал Виталий Слуцскийдин атынан жазылган ишеним кат менен иштеген, бул Орловдун Кыргызстан менен байланышын тастыктап турат.

Журналисттер Питер Мамо жана Дмитрий Орлов тууралуу көбүрөөк маалыматтарды ачык булактардан издешти.

Айрым орусиялык медиаларда Мамо оффшордук бизнес уюштуруп берүү кызматын көрсөткөн ири компаниянын түптөөчүсү экени жазылган.

Прессанын маалыматына караганда, жок эле дегенде 2006-жылы «Инбанкпродукт» орусиялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон, ал кезде банктын башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Орлов болгон. «Акипресс» басылмасынын маалыматына караганда, Инбанкпродукт 2005-жылы Бишкекте өзүнүн өкүлчүлүгүн ачууну пландаган — бул жаңылыкты Мамо менен Орлов Бишкекте банк ачабыз деп, имарат дагы курушкан деген Абыкеевдин айтканы дагы далилдеп турат.

Дмитрий Орлов тууралуу аз гана маалымат бар. Ачык маалымат булактарынан журналисттер анын Россия бир катар компанияларга Виталий Слуцкий экөө ээлик кыларын аныктоого болот. Дмитрий Орлов социалдык тармактардагы баракчаларында өзүн жаңы иш баштаган стартаптарга жардам берген трекер деп атайт.

Орлов менен Жапаровдун байланышы боюнча маалыматтарды билүү үчүн журналисттер бир катар адамдар менен байланышты жана Фейсбуктагы баракчаларын карап чыгышты. Орловдун досторунун ичинде Акылбек Жапаров дагы бар болуп чыкты. Ошону менен катар эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири дагы орусиялык ишкер Орлов менен Жапаровдун байланышы бар экенин тастыктады.

«Мен аны менен Жапаров аркылуу таанышмын. Жапаров экөөнүн достук мамилеси бар. Банк системасында иштеген. Биз Москвага барганда, ошол киши менен жолугушчу, бирок эмне тууралуу сүйлөшкөнун мен билбейм», — деди депутат.

Уланбек Абыкеевдин айтымында, Мамо — мальталык инвестор, аны менен «досу» Дмитрий Орлов аркылуу таанышкан. ПАл дагы өз сөзүндө Акылбек Жапаров Орлов менен дос экенин айткан, бирок экономика министринин мальталык компаниялар менен байланышын четке каккан.

«Мальталык компаниялар менен байланышы жок. Питер Мамо менен андай деле мамилеси жок», — деди Абыкеев.

Жапаров менен Мальтанын байланышын тагыраак билүү үчун, мальталык компаниялар Кыргызстанга кандай максатта компанияларды ачканын аныктоо максатында Perfin Services Limited компаниясы менен байланыштуу адамдарды издешти.

Интернеттен Санкт-Петербургдук Олег Мельник эки сайтта Perfin Services Limited компаниясына иштээрин, Мальта менен байланышкан кызматтарды көрсөтө турганын жазган.

Ал кызматтардын катарында — инвестиция салуу менен Мальтанын жарандыгын алуу, мальталык филиал алчуу аркылуу салык төлөөнү оптималдаштыруу жана фонддорду жана трасттарды түзүү менен активдерди коргоо сыяктуу кызматтар жазылган.

Мальталык бул схема кандайча иштээрин билүү максатында журналисттер Мельник менен алардын кызматын пайдалангысы келип жаткан Кыргызстандык кардар болуп байланышты. Биринчи жолку сүйлөшүүдө Мельник Мальта менен байланышкан кызмат көрсөтпөй турганын айтты, бирок ошол эле күнү кайра чалып, мындай иштер менен Питер Мамо алектенерин, ошол жардам бере ала турганын айтты.

Мельниктин айтымында, Мамо Кошмо штаттардагы өнөктөштөрунө салык төлөөнү оптималдаштыруу боюнча кызмат көрсөткөнүн, КМШ өлкөлөрунөн дагы кардарлары болгонун кошумчалады. Ал кардар болуп кайрылган журналисттерге кырдаалды кененирээк сүрөттөп, түшүндүрүп кат жиберишин суранып, ал катты Мамого жиберерин айтты. «ПолитКлиниканын» журналисттери ойдон чыгарылган кыргызстандык ишкер болуп кат жолдошту, бирок Мелник менен Мамодон жооп келген жок.

Журналисттер менен сүйлөшуп жатканда Мельник Perfin Services Limited компаниясынын акционерлеринин бири жана жетекчиси Эрика Иззо Мальтанын жарандыгын сатаарын жана ал Питер Мамонун кызы экенин айтып берди.

Журналисттер Орлов, Эрика Иззо менен түз байланышууга аракет кылышты. Мамонун байланышын таба албагандыктан, ага бериле турган суроолорду кызы Эрика Иззого жолдоду. Бирок материал чыгып жаткан учурда жооп алган жок. Бирок Мельниктин жумушунун сүрөттөөсү жана Мамо менен Иззонун кызматтары тууралуу айтып бергени мальталык өнөктөштөр өздөрүнүн схемалары жана мальталык компанияларды түзүү аркылуу салык төлөөнү оптималдаштырууга жана активдерин коргоого жардам бере турганын кошумча далилдеди.

Автор: ПолитКлиника командасы
Фактчекинг: Инна Кывыржик










Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты