​Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. Ал коомчулукка кайрылды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, ал кайрадан СИЗО-1 убактылуу абак жайына камалсын деген чечим чыкты. Ал коомчулукка кайрылды.

Жээнбеков бир жума мурун милиция кызматкерлери аны үй камагынын шартын бузду деп протокол түзүшкөндүгүн айткан

“Мен кечкисин сейилдегени чыгам. Ошон үчүн мени тергөө абагына кайра камаганы жатышат” деген ал.

Гулаг 2,0 Саясий туткундун жазгандары

Равшан Жээнбеков убактылуу абак жайына баратып, коомчулукка кайрылуу жасады. Анда мындай деп айтылат:

-Мен 20 жылдан бери күрөшүп келе жаткан демократиянын, адам укуктарынын жана чыныгы эркиндиктин күчүнө бекем ишенгендер эле эмес, ар бир кыргыз жараны ушул саптарды окушун абдан каалайт элем.

Өкмөт “өз тилинде” сүйлөбөгөн, “мыйзамсыздык, күч колдонуп, каалагандай тайраңда ” деген бардык адамдарды камап салгысы келет.

Мен Биринчи май сотунан СИЗО-1ге бара жатам, ал жерде соттор авторитарды режимдин куралы болуп калышты. Мен алар жөнүндө, өкмөт, ушуга чейин мага болгон кысым жөнүндө жазам.

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

2020-жылдын 6-октябрында митингчилер Ак үйдү басып алып, камактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Равшан Жээнбековду бошотушкан. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев кайра камалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты