​Бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болууга Каныбек Иманалиев арыз берди

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутат болууга арыз бергендердин саны 12-октябрга карата 228ге жетти.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендердин катарында парламент депутаты Каныбек Иманалиев бар. Ушул эле №25 Аламүдүн округунан Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев “Социал-демократ” партиясынын көрсөтүлдү.

Арыз бергендердин арасында экс-депутаттар Туратбек Мадылбеков, Дамира Ниязалиева, Максат Кунакунов, Ошондой эле азыркы парламент депутаты Нурбек Алимбеков, дарыгер Ишенбей Молдоташев, Айбек Бузурманкулов, Дастан Жумабеков, Искендер Матраимов, мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев да арыз берген.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Ага чейин арыз бергендердин катарында Жогорку Кеңеш депутаттары Өмүрбек Бакиров, депутат Аалы Карашевдин арыз бергени белгилүү болгон. Арыз бергендердин арасында экс-депутаттар Туратбек Мадылбеков, Дамира Ниязалиева, Максат Кунакунов, Ошондой эле азыркы парламент депутаты Нурбек Алимбеков, дарыгер Ишенбей Молдоташев, Айбек Бузурманкулов, Дастан Жумабеков, Искендер Матраимов, мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев да арыз берген.

Буга чейин бир мандаттуу округдан талапкерликке аттангандардын арасында Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Тазабек Икрамов, Автандил Кулбараков, Саматбек Ибраев, Эркин Бөлөкбаев, Акбөкөн Таштанбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Атыр Абдрахматова, Азизбек Турсунбаев, Канат Хасанов, Канат Сагымбаев, Райымберди Дүйшөмбиев, Алмазбек Баатырбеков, Алтынбек Сулайманов, Бактыбек Райымкулов жана башкалар тизмеде аталган.

Арыз бергендердин арасынан экөө саясий партиянын атынан. «Альянс» аттуу саясий партиядан Ноокат округунан Алтынбек Сулайманов жана Чүй-Кемин округунан Тарыкбаев Алмаз көрсөтүлдү. Ошондой эле Сейитбек Атамбаев «Социал-демократ» партиясынан. Калгандары өзүн-өзү көрсөтүштү.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Сүрөт: Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты