Алтынбек Сулайманов бир мандаттуу округдан келерки парламент депутаттыгына арыз берди

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) 2-октябрга саат 19:40га карата бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка 74 талапкерден арыз түштү.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Кийинки талапкер болууга арыз бергендердин арасында азыркы ЖК депутаттары Алтынбек Сулайманов, Бактыбек Райымкулов бар.

Сулаймановдун талапкерлиги «Альянс» саясий партиясынын атынан коюлду. Жалпысынан арыз бергендердин арасынан экөө аталган партиянын атынан. Калгандары өзүн-өзү көрсөтүштү.

Буга чейин бир мандаттуу округдан талапкерликке аттангандардын арасында Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Тазабек Икрамов, Автандил Кулбараков, Саматбек Ибраев, Эркин Бөлөкбаев, Акбөкөн Таштанбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Атыр Абдрахматова, Азизбек Турсунбаев, Канат Хасанов, Канат Сагымбаев, Райымберди Дүйшөмбиев, Алмазбек Баатырбеков жана башкалар тизмеде аталган.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты