​Сейитбек Атамбаев бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болууга арыз берди

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 8-октябрга карата бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка 171 талапкерден арыз түшкөндүгүн билдирди.

Кийинки болуп талапкерликке арыз жазгандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев бар. Ал “Социал-демократ” партиясынын №25 Аламүдүн округунан көрсөтүлдү.

Арыз бергендердин арасында экс-депутаттар Туратбек Мадылбеков, Дамира Ниязалиева, Максат Кунакунов, Ошондой эле азыркы парламент депутаты Нурбек Алимбеков, дарыгер Ишенбей Молдоташев, Айбек Бузурманкулов, Дастан Жумабеков, Искендер Матраимов, мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев да арыз берген.

Буга чейин бир мандаттуу округдан талапкерликке аттангандардын арасында Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Тазабек Икрамов, Автандил Кулбараков, Саматбек Ибраев, Эркин Бөлөкбаев, Акбөкөн Таштанбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Атыр Абдрахматова, Азизбек Турсунбаев, Канат Хасанов, Канат Сагымбаев, Райымберди Дүйшөмбиев, Алмазбек Баатырбеков, Алтынбек Сулайманов, Бактыбек Райымкулов жана башкалар тизмеде аталган.

Буга чейин арыз бергендердин арасынан экөө саясий партиянын атынан. «Альянс» аттуу саясий партиядан Ноокат округунан Алтынбек Сулайманов жана Чүй-Кемин округунан Тарыкбаев Алмаз көрсөтүлдү. Калгандары өзүн-өзү көрсөтүштү.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты