24-октябрдагы аба ырайы

  • 5 часов мурун

24-октябрдагы аба ырайы

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, 24-октябрда күндүз Ысык-Көл облусунда жаан жаайт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл жана Нарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +10…+15;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+10.

23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын бир катар аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Чүй облусунун түндүгүндө, Таластын Айтматов районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин сууктап, үшүк жүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты