22-октябрдагы аба ырайы
- 1 час мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 22-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл жана Нарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +4…+6, күндүз +14…+16.
23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын бир катар аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Чүй облусунун түндүгүндө, Таластын Айтматов районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин сууктап, үшүк жүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




