23-октябрдагы аба ырайы

  • 6 часов мурун

23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын бир катар аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Чүй облусунун түндүгүндө, Таластын Айтматов районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин сууктап, үшүк жүрөт.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 23-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл жана Нарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз +9…+14;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +13…+18;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…+2, күндүз +9…+11.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты