Шашылыш билдирүү: Күн сууктап, үшүк жүрөт

  • 11 часов мурун

23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын бир катар аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт.

Чүй облусунун түндүгүндө, Таластын Айтматов районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин сууктап, үшүк жүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты