21-октябрдагы аба ырайы  

  • 2 дня мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 21-октябрда жаан-чачын болбойт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл жана Нарында 19-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз +11…+16;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17.

23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын бир катар аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Чүй облусунун түндүгүндө, Таластын Айтматов районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин сууктап, үшүк жүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты