24.kg агенттигинин жетекчилерин кайра суракка чакырышты

  • 3 месяца мурун

24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаеваны жана редактору Махинур Ниязованы кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырышты.

Бул тууралуу аталган агенттик билдирди.

Эки күн мурда 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева жана редакторлору Махинур Ниязова, Антон Лымарь Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде төрт сааттай суракта болуп чыгышты.

“Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар жана башка кылмыш ишине тиешелүү боло турган далил буюмдар алынды” деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.    

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесиндеги тинтүү иштери кылмыш кодексинин 407-беренеси, согушка үгүттөө боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты