24.kg агенттигинин кабарчысы УКМКга чакырылды

  • 1 год мурун

24.kg агенттигинин кабарчысы Гүлмира Маканбай кызы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) чакырылды. Бул тууралуу аталган агенттик жазды.

Журналистти суракка чакыруу кагазына кол коюлбаган, мөөр басылбаган, чакыруунун себеби да көрсөтүлгөн эмес. Ошентсе да журналист Гүлмира Маканбай кызы УКМКга барган. Аны Орусия жараны Буда Мунхоев менен видеоинтервьюсу үчүн чакырышканы ал жакка барганда белгилүү болгон.  

Ал жаран Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин 2022-жылдын сентябрь айында Бурятиядан Кыргызстанга келген. Видеоинтервьюда Кыргызстандагы жашоосу, эркиндикти эңсеген бурят эли, мобилизация тууралуу айтып берген.  

Журналист УКМКнын эки кызматкери аталган материал боюнча орусиялык жаран даттанганын, мындай материалдар эки элдин ортосуна көлөкө түшүрөрүн жана мындан кийин ушул жагдайды эске алууну эскерткенин билдирген.  

“Мен алардын жумушун түшүнөм, бирок бул айткандарын жалпыга маалымдоо каражаттарына карата цензура катары баалайм” деди журналист.  

Буга чейин 24 kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева УКМКга чакырылган.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты