24 kg агенттигинин башкы директору Асель Оторбаева суракка чакырылды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК)  24 kg агенттигинин башкы директору Асель Оторбаеваны суракка чакырды.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү таратты. Чакыруу кагазын ага 3-февралда берип, суракты бүгүнкүгө, 6-февралга жылдырышкан.

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Асель Оторбаеванын сайттагы макала боюнча чакырылганын, бирок кайсы макала боюнча экенин атаган эмес.  Тергөөчү Оторбаеванын күбө катары чакырылганын белгилеген.  

24 kg агенттигинин башкы директору Асель Оторбаева суракка чакырылды

Буга чейин эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыккан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылганы тууралуу түшүндүрмө берип, ал күбө катары суралганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты