Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Жуманазарова дүйнө биринчилигинин жарым финалында россиялык Ханум Велиева менен күч сынашып, таймашты 3:3 эсебинде аяктады. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан кыз жасаган үчүн ага артыкчылык берилди.
Эми ал финалда япониялык Рин Мьядзи менен кармашат. Финалдык беттеш эртең, 7-октябрда, болот.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев күмүш жана Алибек Осмонов коло медалды багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты