Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында жапониялык Нонока Озаки менен күрөшүп, аны 6:4 эсебинде утуп алган. Ал эми чейрек финалда белорустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке ээ болду.

Эске сала кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрь күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты