Адвокат: Курсан Асановдун камалуусуна себеп болгон аудио жаздыруунун жасалма экени аныкталды

  • 3 года мурун

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана дагы бир катар саясатчылардын кармалуусуна себеп болгон аудио жаздыруу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, аудио жаздыруунун жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекованын маалыматына таянып, 24.kg агенттиги жазды.

Жакупбекованын айтымында, Москва жана Алматы шаарларында көз карандысыз эки экспертиза жүргүзүлгөн.

«Эксперттер ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти басып алуу жөнүндө айтып жатат делген аудио монтаждалган деген жыйынтыкка келишти. Документтерде кайсы жерлерде эки же андан ашык аудиофайлдын монтаждалганы так көрсөтүлгөн».

Эске сала кетсек, сентябрь айында бийликти күч менен басып алууга шектелип ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «АКБ Толубай» ЖАКынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев кармалган. Андан мурун социалдык тармактарда Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио жаздыруу тараган. Анда Курсан Асанов, Жанар Акаев жана дагы башка саясатчылар бийликти күч менен басып алууга камынып жатканы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты