Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
- 3 года мурун
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында армениялык Арман Андреасян менен күч сынашып, атаандашын 11:2 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда кыргызстандык балбан ирандык Эрфан Элахи менен кармашып, акыркы мүнөттөрдө эки балбан тең бири-бирин артка чапканга жетишти. Калыстардын узак чечими менен жеңишти Акматалиев илип кетти.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрь күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан катышууда.
Муну бөлүшүү