​Россияда миграциялык жеңилдиктер мөөнөтү эртең аяктайт

  • 3 года мурун

2021-жылдын 30-сентябрында Россиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «миграциялык жеңилдиктер» жөнүндөгү мөөнөттөр аяктайт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 30-сентябрынан тартып Россиянын ички иштер министрлигинин аймактык органдары РФнын аймагында каттоонун жоктугунун себептерин түшүндүрүү менен мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын арыздарын кабыл алууну токтотот.

Андыктан, министрлик КРнын жарандарынан 30-сентябрга чейин РФнын аймагында болууну мыйзамдаштырууну жана бардык зарыл болгон жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткарууну дагы бир жолу суранат.

Ошондой эле жарандарыбыз миграциялык каттоого кайрылууда жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзүүсү керек. Жок болсо, полиция административдик айып салуу түрүндө чараларды колдонот.

Чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде администрациялык укук бузуулары бар КРнын жарандары, талап кылынган айыптарды төлөөгө милдеттүү.

Буга чейин 2 ден ашык административдик укук бузуулар катталган, ошондой эле окуудан чыгаруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган адамдар 30-сентябрга чейин өз ыктыяры менен Россия аймагынан чыгып кетиши керек.

2020-жылдын 15-мартына чейин кеткен жана Россиянын аймагында болбогон чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде убактылуу жашап турууга (РВП) же жашоого уруксаты бар (ВНЖ) КРнын жарандары, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, бул өлкөдө болуу мөөнөтүн узарта алышат.

2020-жылы апрель айында чет элдик бардык жарандардын Россияда убактылуу иштөөсүнө уруксат берген атайын жобо иштелип чыккан. Владимир Путиндун жарлыгы улам жылдырылып отуруп, 2021 – жылдын 15 – июнуна чейин убакыт берилген.

Орус президенти Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, Россияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик мигранттардын Россияда калуу убактысы ушул жылдын 30-сентябрына чейин жылды. Мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн күч менен чыгарылбайт.

2020-жылы апрель айында чет элдик бардык жарандардын Россияда убактылуу иштөөсүнө уруксат берген атайын жобо иштелип чыккан. Владимир Путиндун жарлыгы улам жылдырылып отуруп, 2021 – жылдын 15 – июнуна чейин убакыт берилген.

Россия ИИМинин эсебине ылайык, 332 миңден ашуун өзбек, 247 миң тажик, 152 миң украин, 120 миң азербайжан, 115 миң кыргыз, 61 миң армян, 56 миң молдован жана 49 миң казак мигранттары Россияда мыйзамсыз жүрүшөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты