​Мыйзамсыз жүргөн мигранттардын Россияда калуу убактысы дагы жылдырылды

  • 3 года мурун

Орус президенти Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, Россияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик мигранттардын Россияда калуу убактысы ушул жылдын 30-сентябрына чейин жылды. Мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн күч менен чыгарылбайт.


2020-жылы апрель айында чет элдик бардык жарандардын Россияда убактылуу иштөөсүнө уруксат берген атайын жобо иштелип чыккан. Владимир Путиндун жарлыгы улам жылдырылып отуруп, 2021 – жылдын 15 – июнуна чейин убакыт берилген.

Россиянын ИИМи өлкө аймагында 1 миллиондон ашык адам мыйзамсыз жүргөнүн, эгер 15 – июнга чейин документтерин мыйзамдаштырып алышпаса, күч менен чыгарылаарын апрель айында эскерткен.

Россия ИИМинин эсебине ылайык, 332 миңден ашуун өзбек, 247 миң тажик, 152 миң украин, 120 миң азербайжан, 115 миң кыргыз, 61 миң армян, 56 миң молдован жана 49 миң казак мигранттары Россияда мыйзамсыз жүрүшөт.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты