Кой-Таш окуясы боюнча сот 29-сентябрга жылдырылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 27-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси уланды.

Сот процессине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина келишти.

Сот процесси 29-сентябрга жылдырылды.

Буга чейин мамлекеттин мурдагы башчысынын ооруп калгандыгына байланыштуу сот иши жылдырылып келген.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши шектелүүдө.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 3-мартынан бери карап жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуясы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты