​Кой-Таш окуясы боюнча сот 30-декабрда өтөт

  • 3 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттун бүгүнкү отуруму улантылды.

Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышууда. Буга чейин мамлекеттин мурдагы башчысынын ооруп калгандыгына байланыштуу сот иши жылдырылып келген.

25-ноябрда сот Атамбаевдин үч ишин, Кой-Таш окуясы, жер тилкеси, мыйзамсыз бвюу боюнча, бириктирип кароо тууралуу чечим чыгарган.

Айыпталып жаткандардын ичинен экөө — Равшан Жээнбеков шайлоого тиешелүү иш -чарага катышуу үчүн, Ноорузбек Капарбек кызын коронавируска байланыштуу доктурга алып баруу себеби менен сот залынан чыгып кетишкен. Айыпталуучулардын экөө процесске катышпагандыктан, сот тотуруму кийинкиге, 30-декабрга, жылдырылды.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган.

Батукаевдин иши боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган. Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөт: Кундуз Ажыбекова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты