Пара алууга шектелип кармалган Таалайбек Нуралиев кызматынан бошотулду

  • 3 года мурун

Таалайбек Нуралиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 16-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Эске сала кетсек, Таалайбек Нуралиев ушул жылдын 3-августунда пара алууга шектелип кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин блдиргени боюнча, ал соттолгон жарандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагылардын шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле орто звенодогу жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырууда туруктуу коррупциялык схема уюштурган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-августта Таалайбек Нуралиевдин иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500 доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын октору алынган.

4-августта Биринчи май райондук соту шектүүнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты