Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук комитети Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевди кармады. Ал коррупцияга шектелип жатат. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, ал соттолгон жарандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагылардын шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле орто звенодогу жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырууда туруктуу коррупциялык схема уюштурган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-августта Таалайбек Нуралиевдин иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500 доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын октору алынган.

Жашаган жеринен ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле, түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылган.

Нуралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты