ЖМК: Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартканын билдирди

  • 3 года мурун

Түркияда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин директору, Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын иши боюнча соттук процесс башталды.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргени боюнча, биринчи соттук отурум 16-сентябрда онлайн режимде өтүп, Инанды ага абактан видео байланыш аркылуу катышкан.

Айыпталуучу ден-соолугуна байланыштуу сот ишине даярдана албай калганын айтып, кошумча убакыт берүүнү суранган.

Отурумдун жүрүшүндө Инанды Кыргызстандын жараны болгону үчүн Түркиянын соту аны жоопкерчиликке тартууга укугу жок экенин жана Түркиянын жарандыгынан чыгууга арыз жазганын билдирген.

Айыпталуучунун адвокаты 2016-жылдагы төңкөрүш учурунда Инандынын кыргыз жараны болгонун айтып, анын аталган ишке эч кандай тиешеси жок экендигин белгилеген.

Сот Орхан Инандыны камакта калтыруу чечими менен, кийинки жыйынды 23-ноябрга белгиледи.

Анкаранын прокуратурасы айыпталуучуну 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурап жатат. Ага «Куралдуу террористтик уюмду уюштурган жана башкарган» деген айып тагылууда.

2021-жылы 31-майдын түнүндө уурдалган Орхан Инандынын дайыны бир айдан ашык убакыт билинбей, 5-июль күнү Түркиянын чалгындоо кызматтары тарабынан Стамбул шаарына алынып келингенин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты