Мандат убадалап, ири өлчөмдө акча алган деген шек менен экс-депутат кармалды

  • 3 года мурун

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо депутаттык мандат алып берүүнү убадалап, 300 миң доллар алган деген шек менен «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү, ЖКнын мурдагы депутаты Ч. Р. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдердин негизинде Ч. Р. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча шектүү катары кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакын арада Ч. Р. нын баш коргоо чарасын кабыл алуу маселеси каралат. Ошондой эле УКМК тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Белгилей кетсек, Ч. Р. инициалына “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат Руслан Чойбековдун аты туура келүүдө

Буга чейин 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Кыргызсан” партиясынын алдыңкы бештигине киргизип берүүнү убадалап, 550 миң АКШ долларын алган деген шек менен БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты