Жанар Акаев сурактан чыкты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына сурак берип чыкты. Ал суракка интернетте тарап жаткан видеодо анын аты аталганына байланыштуу чакырылганын билдирди.

Акаев сурактан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал видеого эч кандай тиешеси жок экендигин жана эч бир саясатчы же коомдук ишмер менен бийликти күч менен басып алуу аракетин көрбөгөнүн айтып өттү.

«Ютубда Курсан Асановдун үнү делген видеодо менин атымдын аталышы боюнча кылмыш иши козголуптур. Ага кошумча маданият кызматкерлеринин кайрылуу каты кошулган. Менин ал видеого эч кандай тиешем жок экендигин айттым. Мен эч бир саясатчы менен бийликти күч менен басып алууга аракет көргөн эмесмин. Сурактардын шайлоого байланыштуу болушу дагы мүмкүн. Бизди сотко аралаштырып, шайлоого катыштырбай коюу аракети болбойт деп ишенем».

Акаев ошондой эле тергөө ишин ачыктабоо боюнча кол койгонун билдирди.

Эске сала кетсек, интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанар Акаевдин аты аталган.

Кечээ, 14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жогорудагы аудиого байланыштуу күбө катары суракка чакырылып, сурактан кийин кармалганын жактоочу Таалайгүл Токтакунова “Азаттык” радиосуна кабарлаган.

ИИМ Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатканын билдирген.

Бул иш боюнча ЖКнын депутаты Жанар Акаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы шектелип жатканы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты