Адвокат: Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата ачылган кылмыш иши токтотулду

  • 3 года мурун

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата ачылган кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан токтотулду. Бул тууралуу Канатбекованын жактоочусу Нурбек Токтакунов өзүнүн “Фейсбук” баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында, бул кабарды УКМКнын тергөөсүчү Ормон Амангулов Айзаданын тууганына оозеки түрдө маалымдаган.

“Бул туурасында жабырлануучу тарапка жана анын жактоочуларына эч ким расмий түрдө маалымат берген эмес. Бирок беш айдан бери тергөөнүн жүрүшү боюнча эч кандай маалымат берилбей жатканы иштин токтотулганы жөнүндөгү кабарды тастыктап турат. Милициянын шалаакылыгы боюнча иштин токтотулушу, Айзаданын уурдалганы жөнүндөгү видеону алган соң милиция мыйзамга ылайык, башкача айтканда, өз жанын аябай, абийирдүүлүк менен натыйжалуу иш алып барган, ал эми Айзаданын өлүмүнө аны уурдаган маркум Теңизбеков жана уурдоого катышкан 5 адам гана күнөөлүү дегенди билдирет», — деп айтылат билдирүүдө.

«Бул иш боюнча коомдо жаралган резонанс кылмыштуу шалаакылык үчүн жаза тартууга эмес, кыздын өлүмүнө жооптуу милиция кызматкерлеринен алынган паранын суммасынын өсүшүнө гана алып келди.”, — деп нааразычылыгын билдирген Токтакунов.

Ал билдирүүсүн “Эгер иш укуктук тартиптин негизинде адилеттүү каралбай турган болсо, өз алдынча иликтөө жүргүзүп, коомдук соттун кароосуна алып чыгууга мажбур болобуз. Өкүмдү тарых чыгарат!”, — деп аяктаган.

Адвокат муну менен бирге журналист жана блогерлерден милициянын шалаакылыгын иликтөө боюнча жардам көрсөтүүнү суранган.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп унаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:30 чамасында берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бишкек шаардык прокуратурасы кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козгогон. Тергөө ишин жүргүзүү УКМКга тапшырылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты