Адвокат: Алмазбек Атамбаев октябрдагы башаламандыкты уюштурууга айыпталууда

  • 3 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип жатканы жөнүндө билдирүү тапшырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев 5-6 жана 9-октябрдагы массалык башаламандыкты уюштурган деп айыпталууда.

“Атамбаевге кандай негиздердин жана себептердин негизинде шектүү катары билдирүү тапшырылганы белгисиз. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан комитеттин жетекчилигинин өтүнүчү менен бошотулган. УКМКнын имаратына эч ким кирген эмес. 5-октябрдагы башаламандык учурунда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевдин камакта болгонун ошол учурдагы окуялар көрсөтүп турат. 9-октябрда дагы Атамбаев массалык башаламандыкка катышкан эмес. Ал Ала-Тоо аянтында башка митингчилердин катарында сөз сүйлөгөн”, — деди Слесарев.

Белгилей кетсек, кечээ бийликти күч менен тартып алууга шектелип, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кармалган. Бул иш боюнча ЖКнын депутаты Жанар Акаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы шектелип жатканы белгилүү болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты