Айзада Канатбекованы уурдоого шектелгендерге карата соттун өкүмү чыкты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 14-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Айзада Канатбекованын уурдалышына байланыштуу кезектеги сот отуруму болуп, айыпталуучуларга карата өкүм чыгарылды.

Ага ылайык, айыпталуучулар Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажыкабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов күнөөлүү деп табылып, Молдосариев, Нурумбетов жана Рысбай уулу Ажыкабыл 7 жылга, Раманкулов менен Токон уулу Кубаныч 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары сот айыпталуучулардан жабырлануучу тараптын пайдасына 100 миң сом өндүрүп берүү чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, Айзада Канатбекованы 5-апрель күнү эрте менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Бул тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана аны уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаевдин бычакталган сөөгү табылган.

Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар делип беш адам кармалган.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты