Акылбек Эшимов эки айга камакка алынды

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (БШК) Акылбек Эшимовдун баш коргоо чарасы каралып, 11-ноябрга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Акылбек Эшимов 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Эшимовго каршы А.Д аттуу жарандан арыз түшкөн. Кайрылуучу БШКнын мүчөсү 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, андан 550 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганын, ал үчүн жабырлануучуну аталган партиянын алдыңкы бештигине киргизип берүүнү убадалаганын айткан. Арызда экинчи тарап милдеттенмелерин аткарбай, алынган суммадан 300 миң доллар гана кайтарып бергени белгиленген.

Биринчи Май райондук соту Эшимовду тергөө иши бүткөнгө чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алган.

Сүрөт интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты