Активист Орозайым Нарматова кармалды

  • 3 года мурун

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын Ош аэропортунда укук коргоо органдары тарабынан кармалганы кабарланууда.

Маалыматка ылайык, Нарматова 10-сентябрь күнү таңкы саат 5тер чамасында Ош аэропортунда кармалган. Андан соң тергөөчүлөр аны автоунаа менен Бишкекке алып кетишкен. Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары кармоонун себеби тууралуу маалымат бере элек.

Орозайым Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында шайлоого катышкан. Ал бир убактарда Садыр Жапаровду колдоп келгени менен белгилүү. Жапаров бийликке келген соң ага карата кескин сындарды айтып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты