ЖККУнун Кыргызстандагы “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу аяктады

  • 3 года мурун

Бүгүн, 9-сентябрда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу аяктады.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Машыгууга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мамлекеттеринен миңден ашык аскер кызматкери катышып, 150 аскердик жана атайын техника, анын ичинде реактивдүү залп менен атуучу системалар, Су-30СМ истребители, Су-25, Ми-8 вертолету жана “Орлан-10” учкучсуз учуучу аппараттары тартылган.

Министрликтин билдиргени боюнча, машыгуунун жүрүшүндө катышуучулар биргеликте антитеррордук операция жүргүзүп, ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттерди даярдоо жана өткөрүү маселелерин иштеп чыгышкан.

Эскерте кетсек, “Рубеж-2021” аскердик машыгуулары 7-сентябрда Коргоо министрлигинин “Эдельвейс” окуу борборунда башталган.

Иш-чара Афганистанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат.

Сүрөт Коргоо министрлигинин расмий сайтынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты