Кыргызстанда ЖККУнун “Рубеж-2021” аскердик машыгуулары башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 7-сентбярда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Эдельвейс” окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен “Рубеж-2021” машыгуусу башталды. Машыгуулар 7-9-сентябрь күндөрү өткөрүлөт.

Машыгууга Тажикстандан башка ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун аскер контингенттеринин бөлүктөрү катышат. Бул тууралуу 6-сентябрда Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген. Тажикстандын аскерлеринин машыгууга эмне себептен катышпай тургандыгы айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттери мүчө.

Сүрөт: КРнын Коргоо министрлигинин расмий сайтынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты