Садыр Жапаров суучул Владислав Шулико менен жолугушту

  • 3 года мурун

Бүгүн, 8-сентябрда, Президент Садыр Жапаров кыргызстандык суучул Владислав Шулико менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы спортчунун Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекордду жаңылоого кылган аракетин жогору баалап, бул сүзүү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына белек болгонун белгиледи.

«Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин эч ким мындай кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып жатты», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал мамлекет активдүү жаштарды колдоого алып жана спорттук жетишкендиктерге дем берүүгө милдеттүү экенин белгилеп, өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлүп берди.

Өз кезегинде, суучул Владислав Шулико мамлекет башчысына моралдык жана материалдык колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.

Владислав Шулико 22-августтан 27-августка чейин Ысык-Көлдү узатасынан (181 км) сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты