Владислав Шулико 6 күндө Ысык-Көлдү сүзүп өттү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 27-августта, кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү алты күн ичинде узунунан сүзүп өттү. Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону бүгүн 27-августта Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Жалпысынан спортчу 181 км аралыкты сүзүп өттү.

Ага калак же калак сыяктуу жардамчы каражаттарды колдонууга тыюу салынган. Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрүштү.

Эскерте кетсек, Шулико бүгүн узун аралыкка сүзүү боюнча рекорд койду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты