Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров „КРнын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо“ жөнүндө мыйзамына кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган. Ага ылайык, эми депутаттар партиялык система менен эмес, аралаш шайлоо системасы боюнча шайланат.

Жаңы өзгөртүүгө ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси боюнча 54 мандат жана бир мандаттуу округ боюнча 36 мандат алышат.

Белгилей кетсек, жаңы Баш мыйзам боюнча, депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылган.

28-июлда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты