Парламент КР Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28-июлда, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Документке ылайык, парламенттин 90 депутатынын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Партиялык тизмеде преференциалдык система, өзү тандаган талапкерге добуш берүү жагы каралды.

Мыйзам долбоорун 107 депутат колдоду, экөө каршы болду.

Мыйзамдын демилгечиси – Президент.

Аталган мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөндөн кийин политолог Эмил Жороев «Сереп» берүүсүндө алешем жактарына сын-пикирин билдирген.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты