Олимпиада-2020: Айаал Лазарев АКШлык балбанга утулуп калды

  • 3 года мурун

Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабындагы беттешинде АКШлык Гейбл Стивесон менен күрөшүп, жеңилип калды.

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабындагы беттешинде жеңилди. 8/1 финалдык баскычта кыргызстандык спортчу АКШлык Гейбл Стивесон менен күрөштү. Атаандашынын активдүү аракеттерине Лазарев туруштук бере албай, беш ирет чабуулун өткөрүп алды.

Беттештин биринчи эле бөлүгүндө эсеп 10:0 менен аяктады. АКШлык спортчу техникалык таза артыкчылык менен жеңишке жетти. Эми эгер америкалык атлет финалга чыкса, Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө укук алат.

Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Оор салмактагы кыргызстандык балбан быйыл Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиадага жолдомо алган.

Кыргызстандыктар, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш медаль тагынды. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медаль, Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты