Токио Олимпиадасы: Мээрим Жуманазарова коло медаль алды

  • 3 года мурун

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова аялдар арасындагы күрөштө 68 кг салмакта ат салышты. Ал монголиялык балбан Соронзонболдын Батцэцэг менен беттешип, аны 10:1 эсебинде жеңип алды.


Кыргызстандык балбан кыз көңүл жубатуучу беттешинде жеңишке жетти. Ал биринчи каршылашы азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңип алган.

Ушуну менен Токио Олимпиадасында Кыргызстан экинчи медаль утту. Буга чейирн грек-рим күрөшү боюнча 22 жаштагы балбан Акжол Махмудов күмүш медалль алган.

Айсулуу Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10 : 0 эсебинде утуп алып, финалга чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты