Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасында күмүш медаль утту

  • 3 года мурун

Токиодо Олимпиада оюндарынын финалында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова япониялык Юкако Каваи менен күрөшүп 3:4 эсебинде жеңилип калды.

Буга чейин бул эки атаандаш — Айсулуу менен Юкако килемде бир нече ирет беттешкен. Биринчиси, 2019-жылы болуп, дүйнө чемпионатында кыргызстандык атлет утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңишти япониялык кыз алып кеткен.

Эске сала кетсек, бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш медаль тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңип алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты