Токио олимпиадасында 339 комплект сыйлык ыйгарылат

  • 3 года мурун

Токио олимпиадасынын программасында спорттун 33 түрү боюнча 339 комплект медаль тапшырылат. Бул 2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу жайкы олимпиададан 33 медалга көп.

25-июлга карата көп медаль алган өлкөлөр булар:

Кытай — 6 алтын, 1 күмүш, 4 коло, бардыгы 11 медаль алды.

Япония — 5 алтын, 1 күмүш;

АКШ — 4 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль;

Түштүк Корея — 2 алтын, 3 коло медаль;

Россия 1 алтын, 4 күмүш, 2 коло медаль жеңип алды.

Ошондой эле медаль жеңип алгандардын арасында Өзбекстан 1 алтын медаль, Казакстан 2 коло медалга ээ болду.

Токио шаарында жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Анда кыргызстандык 16 спортчу катышууга укук алган.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, өз бөлүгүндө үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле, өзүнүн көрсөткүчүн жаңылады.

Квалификациялык жарышка 49 спортчу катышып, алар өз ара жети топко бөлүнгөн. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Ал эми кыргызстандык Денис Петрашов бул жарышта 1 мүнөт 00.23 секундада келип 27-орунду ээледи.

24-июлда Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште 612,8 упай менен 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты