​OCCRP: Pegasus программасы менен аңдууга кабылгандардын арасында үч казакстандык бар

  • 3 года мурун

Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Pegasus программасы аркылуу телефондору тыңшалган журналисттер менен активисттердин атыжөнүн жарыялады.


Алардын арасында Казакстандын үч жараны бар: Informburo.kz жаңылыктар порталынын кабарчысы Серикжан Маулетбай, Central Asia Monitor гезитинин мурдагы башкы редактору, ПЕН-клубдун башчысы Бигельды Габдуллин жана «Ар-Рух-Хак» деп аталган укук коргоо тобун жетектеген укук коргоочу Бахытжан Торегожина.

Мындан тышкары OCCRP’нин иликтөөсүндөгү «казакстандык тизмеде» Квентин Гиёме жана Мартин Вийом аттуу эки адамдын аты-жөнү да жазылган. Булар Казакстанда анча таанымал болбогону менен, аларды аңдуу бозгунда жүргөн мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовго байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

«Жалпысынан тизмеде дээрлик 2 миң казакстандык номур бар. Арасында журналисттер, өлкөнүн саясий жана бизнес-элиталары, анын ичинде экс-президент Нурсултан Назарбаевдин каршылаштары менен тарапташтары делген адамдар да бар. Бул тизмедеги номурлардын баары эле тыңшалган дегенди билдирбейт, бирок аларга NSO Group’тун кардарлары кызыкканы анык» деп жазган OCCRP.

Азырынча Казакстандын бийлиги бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.

Pegasus – Израилдин кибертыңчылык программасы менен алектенген NSO Group компаниясынын өнүмү. Ал башкалардын телефон чалууларын көзөмөлдөп, кабарларын окуп, сүрөт жана сырсөздөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет. OCCRP 18-июлда жарыялаган иликтөөдө 2016-жылдан бери NSO Group компаниясы дүйнө жүзү боюнча 50 миң номурду аңдыганы жазылган.

Иликтөөчүлөр номурларды географиялык кластерине жараша топтоштуруп, алар ондон ашык өлкөгө таандык экенин аныктаган. Арасында Казакстан, Азербажан, Венгрия, Бахрейн, Индия, Индонезия, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Арабиясы, Того жана Бириккен Араб Эмираты бар.

Сүрөт: OCCRP/RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты