​OCCRP: Ондогон өлкөнүн бийлиги телефон аркылуу активисттер менен журналисттерди аңдыган

  • 3 года мурун

Ондогон өлкөнүн бийлиги бир нече жылдан бери атайын программанын жардамы менен жүздөгөн журналисттерди, укук коргоочуларды жана активисттерди аңдыган.


Бул тууралуу Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) жүргүзгөн жаңы иликтөөдө айтылат.

Pegasus – Израилдин кибертыңчылык программасы менен алектенген NSO Group компаниясынын продукциясы. Ал башкалардын телефон чалууларын көзөмөлдөп, кабарларын окуп, сүрөт жана сырсөздөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет. 18-июлда жарыяланган иликтөөдө 2016-жылдан бери NSO Group компаниясы дүйнө жүзү боюнча 50 миң номурду аңдыганы жазылган. Арасында казакстандык номурлар да бар.

Иликтөөчүлөр номурларды географиялык кластерине жараша топтоштуруп, алар ондон ашык өлкөгө таандык экенин аныктаган. Арасында Казакстан, Азербажан, Венгрия, Бахрейн, Индия, Индонезия, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Арабиясы, Того жана Бириккен Араб Эмираты бар.

Сүрөт: OCCRP/RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты