​Министрлер кабинети «Мегаком» менен «Керемет банкты» сатууну сунуштады

  • 3 года мурун

Министрлер кабинети «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондду (14,9%), «Керемет банкты» (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатууну сунуштап жатат.


Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү Замир Бугубаев түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, Жогорку Кеңеш 2020-жылы 25-июнда 2020-2022-жылдары сатыла турчу 25 мамлекеттик объекти боюнча программаны бекитип, токтом кабыл алган. Ошол долбоорго жогорудагы төрт объектини кошуу сунушу берилди.

“Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат. деди Замир Бугубаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинети “Мегакомду”, Кепилдик фондду, «Керемет банкты» жана Евразиялык сактык банкын сатуу сунушун бергенин билдирген. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Мегакомду” сатууга каршы чыкканын жазган.

Президент Садыр Жапаров 5-майда мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, жеке менчикке өткөрүү зарыл экенин айткан. Ал менчиктештирүү иши аяктаган соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюларын билдирген.

Кыргыз өкмөтү “Мегаком” ишканасын бир нече жылдан бери сатууга аракет кылып келет. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты