​Мамлекеттик мүлк фондусу жоюлат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 5 – май күнү жаңы Конституцияга кол коюп, жалпы журтка кайрылуу жолдоду. Кайрылуусунда өлкө келечегине байланышкан бир катар маселелерге токтолуп, анын ичинде Мамлекеттик мүлк фондусу бир жыл ичинде жоюлаарын да айтты.


«Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады.

Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү.

Ал эми стратегиялык обүектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек.

Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет.

Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек.

Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм» — дейт Садыр Жапаров.

Фото С. Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты