​Түрк ММКлары Орхан Инанды кылмыштарын мойнуна алганын жазды

  • 3 года мурун

Июнь айында Кыргызстандан Түркияга уурдалган «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды ФЕТОнун Борбордук Азия аймагы боюнча лидери болгонунун мойнуна алды»-деп жазып чыкты түркиялык CNN басылмасы.


Түрк медиасы жазган маалыматтарга караганда, Орхан Инанды ФЕТОнун лидери Пенсильваниядагы Фетхуллах Гүлен жөнүндө, ошондой эле ФЕТОнун «уюштуруу түзүмү жана байланыштары, ФЕТОнун башка мүчөлөрү жана Пенсильваниядагы иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат бер берген.

Жакында эле Орхан Инандыга Түркиянын бийлиги «куралдуу террордук уюмду башкарган» деген айып тагып, камакка алган.

2021-жылы 31-майдын түнүндө уурдалган Орхан Инандынын бир айдан ашык убакыттан бери дайыны билинбей, 5-июль күнү Түркиянын чалгындоо кызматтары тарабынан Стамбул шаарына алынып келингенин Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын атайын кызматынын бул операциясын сынга алып, Кыргызстандагы түрк элчисине нааразычылык нотасын тапшырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты